На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Насип

Ал - кадимки эле  жөпжөнөкөй ит.  Жүнүнүн барактыгы гана болбосо, айылдагы башка иттерден айырмачылыгы жок. Анткен менен башка иттердей болоор болбоско чаяланып үрүп, жолдон өткөн мал-кел, бала-чакага качырып сала бербеген токтоолук жагы да бар. Кээ бир иттер эч нерсенин дайыны жок, өткөн машинанын артынан кудум айланып бараткан дөңгөлөктөрүнүн бирине тиш сала тургансып, астейдил кубалап калгандарын карап туруп, алардын бул жосунсуз жоруктарын жактырбаган таризде тескери карап жатып алат. Бирок, эгер короого адашкан жат мал келеби, же байкоосуз ээси жокто адам келеби, адебин колуна берип койгондон кайра тартпаган жайы бар. Анын бул мүнөзүн билип калышкан коңшу-колоңу бир зарыл жумуш менен келишсе да алыстан үн салып, качан гана үй ээлеринен бирөө чыкмайын, дарбазадан нары күтүп турушу абзел экенин абдан жакшы түшүнүшүп калган.

  Мына ошол барак жүндүү дөбөттүн түшүнө бирден эле жылан чакпай, жылкы теппей туруп күрптүн семиз этин жеп жатканы кирсе болобу! Күчүк кезинде тооктун жөжөлөрүн кууп, бирин тиштеп койгону үчүн ээсинен катуу таяк жеген соң, канаттууларга тиш салуу эмес, алардын артынан кууп ойноого болгон көңүлү кайт болуп калган. Ошондон улам болсо керек өзү да бул түшүнөн чочуп кетип ойгонду. Түнү менен иттик милдетин аткарып, уйку көрбөй үйүн айланып, өзүнүн бар экенин, уктабай түн күзөтүп жүргөнүнү билдирип коюш үчүн кез-кез үрүп коюп, асмандагы жаңы толгон айды, жылдыздардын жымыңдашканын карап коюп жүргөн неме таңга маал гана жата кетип, көзү илинип кеткен экен. Анын ойгонушуна короздун ата-бабасынан калган адатын аткарып, моюнун созо таңдын атып келе жатканын билдирме кыйкырыгы да себеп болду шекилдүү. Ойгонушун го ойгонду, бирок кудум эле өңүндөгүдөй көргөн тиги түшүнө ишене түшкөн неме, жеп жаткан күрптүн этин издегендей нары жак, бери жагын астейдил карап, кайсактап, таппаганга таңдана күймөнө түштү. Азыр эле оозунда даамы тургансыган эт жок! А тегерегинде болсо андай эле ит кызыгар эч нерсе көрүнбөйт. Өзүнөн нарыда дайыма жугунду куюлчу капшырылган эски темир итаягы бош турат. Анан оң жагында мурун кажып салган, кээде дагы деле эрмекке кажып турчу улуубалтыр малдын бир-эки омуртка сөөгү жатат. Башка ташбалекет жок...

  Ал бир аздан кийин гана эсин жыйып, анысы түшү экенине араң ишенди. Ошондон соң кийинки күндөрү баягы түшү кез-кез эсине түшүп, шилекейин чуурутмасы кармамай адат боло баштады. Анан кантсин түшүндөгү эттин даамы кадимкидей эңсетип турса...

 

* * *

  Ит түш көргөн ошол күнү эртең менен азанда бул үйдүн ээсинин тиги айылдагы ата-энесинин үйүнүн короосунда  бир уул, бир кыз бир килейген күрптүн корозун кармаганы кууп жүрүштү. Узун буттуу бул чоң күрп оңой менен карматчудай эмес. Эми жетейин дегенде ылдамдыгын көбөйтө коюп, ал экөөнө жеткирбей баратты. Баары бир адамдан айла качып кутулмакпы, аягында жем чачып ( а «кызыл-кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртетет...»  кайран гана кекиртек  а... ажалыңдын ушундан экенин аңдабай, написиңди тыюуга кудуретиң жетпей, өлүм тузагына өзүң түшүп бересиң го ушул кекиртегиңдин айынан!..), алдап аткананын ичине киригизишип, анан кармашып, эрдик жасагандай чоң атасына сүйүнчүлөгөндө анысы күн мурунтан курчутуп отурган бычагын алып чыгып, канаттарын бир буту менен, эки бутун бириктире экинчи буту менен басып, кыбылага туштап: «Биссмилла ирахман ирахим, жаны кудайы, балдарыма буюруп насип кылсын, алаху акбар!..» - деп күрптүн башын кармаган колу бош болбогондуктан, бычак кармаган колу менен бетине бата тартып, муздап салган. Аны ошол эле замат үйдөгү келин жүнүн жулуп, ичин жарып тазалап, чыпчыргасын коротпой баштыкка салып, бараткан бирөөдөн берип жиберишкен.

 

* * *

  Шүйшүңү бир аз агып сарыксын деп, туздап туруп, сарайдын шамалканалуу жерине жип тартып этти дарга илгенден эки күндөн кийин иттин ээлери шашылыш Ысык-Көлгө эс алганы жөнөп калышты. Шашылышканынын себеби, бара турган машина бир күн эрте кетмей болуп калып жатпайбы. Азыр жол кире баасы асмандап турган кез. Анан аны менен жетип алышпаса, мындай бекер унаа кайда дейсиң?!

  Аялы баарын эле жыйнагандай болгон. Келип-келип «өзүбүз менен эс алууга ала кетебиз» деген сарайдагы дарга асып койгон, кайыната, кайненси берип жиберген  күрптүн этин алуу жадынан көтөрүлүптүр, өзү айтмакчы, «эсине жара чыгып»...  Аны качан гана Чычкан капчыгайына жетип ашканага киргенде тамактарынын тизмесинин ичинде «күрптүн этинен шорпо» бар экенин окуп алып, анан гана тиги кала берген эт эсине түштү. Күйөөсүнө билдирбей бир күрсүнүнүп алды аялы. Дагы жакшы күйөөсү башкаларга окшоп, майда-чүйдөгө киришип, кыжыңдай бермей адаты жок жан. Болбосо...

 

* * *

  Сарайдын ээлери кеткен соң өздөрүн ээн-эркин сезе баштаган келемиштерге кудай эми чындап берди. Үйдүн мышыгын да берки айылга өлүп калбасын деген ой менен берип жиберишкен эле. Ал эми ити карматпай кача бергенинен шашып аткан немелер: « Э, ачкадан өлмөктөн доңуз коп... Ит жөнүндө буга ылайыктуу макалдар жок белем «эшекти отко айдасаң, шорого качат...» - дешип, алды жактагы коңшусуна табыштамыш болушуп (анчадан бери эле берки ылдый жактагы коңшусу менен  мамилелери анчейин эмес...),  ошол жерге таштап кете беришкен. Келемиштер болсо, итти көп деле тоготушпайт. ( Биздин айылдыктар муну «итти адам катары деле көрбөйт» дешип коет...)

  Мына ошентип, бир-эки күн өткөндөн кийин, бардык жак тыптынч коопсуз экендигине көздөрү жетип, ишеним пайда болгон соң,  жергиликтүү келемиштер жипте илинген этти кантип алуунун амалын ойлоп жатышып, кандайдыр бир адамдарга түшүнүксүз таризде макулдашып, жипти кыюуну туура табышты да, акыры аягында көп аракеттер менен эт илинген жипти үзүштү. Анын бир жагы эле үзүлгөндө бышкан мөмөлөрдөй күбүлүп, күрптүн кылдаттык менен жиликтелген эти жерге түшүп берди. Мына сага той! Бирок, келемиш калкы башка жан-жаныбарлардан айырмаланып, табылган насипти бир эле жеп алышпайт. Алар кышка камылга көрүшүп, запаска сакташат. Атургай талаадагы эгиндин башын (сарегин) ууртуна тиштеп келишип, куйруктары менен сабап, данын кызылдап, тим эле кылдаттык менен бирден тегиздеп тизип коюшканын көрүшкөн, ачарчылык кезинде келемиштин ийнин казышып итабардай буудай табышып,  жан сактап калышкан адамдар туурасында аңыз кептер бекер жерден чыкты дейсиңби.  Ал азыр деле жомок катары айтылып жүрбөйбү!   

  Алар асмандан түшө калгансыган бул этти да, ийининин оозуна батпаганы менен, ага жанаша жердеги топуракты казып, биринин үстүнө бирин коюп, жымсалдап, көмүп салышты.

  Барган сайын саратан өз өкүмүн жүргүзүп, көлөкөдө жаткан иттер тилин салаңдаткан мезгил башталды. Сыртта күндү ысыгы суу кайнатар абалга келген бул учурда баягы эттен жыт чыгып, ал Бозбудан соккон жел менен тымызын түштүк чыгыштагы ылдыйкы коңшунун канчыгынын иштейин ачып козутту бейм,  жыттын кайдан келе жатканын ички туюму менен боолгоп, жоортуулга чыгууга шайланды. Напсиси жортуулга чыкпаганга да коёр эмес. Анткени, келе жаткан жыт канчык үчүн ушунчалык жагымдуу эле. Ал жыттын кайдан келе жатканын бат эле билди. Билишин го билди, бирок, ага жетүү оңой эмес экени, өтө эле машакаттуу экени ого бетер аны шилекейин чууртту го, чиркин! Бул үмүтсүздүктүн себеби да бар...

  Ушу коңшунун канчыгы канчалык шыйпаңдап жакындашканга аракет кылганы менен берки барак жүндүн жини сүйбөйт. Ит ылыккан мезгилде мааледеги чоң-кичине дебей бардык дөбөттөр салпаңдап топ-топ болуп анын артынан ээрчишип, алдуусу алсызын талап, канчыктык кадыры артып жүргөндө деле, ал берки коңшусуна жан тарткансып, ушуга жандаганы менен, коңшу дөбөттүн да айбандык каалоосу күч алганына карабастан, баары бир байкамаксан болуп койчу. Алибетте, жаш кезинде бир-эки жолу болгон дечи. Андан соң негедир көңүлү чаппай калганы, иттин өзүнө гана белгилүү болбосо, бул сыр башкаларга намаалым. Негедир кээде кыйшалаңдап короого келе калган канчыкты жини жактырбаганын билдирип, «а-ар!» этип каарып сала берет. Алгач келгенде жөн гана кыр көрсөтүп атат го деп ойлогон окшойт, көп да сестенбей, кайра эркелегенсип, куйругун кыпчып, наз көрсөткөн немени катуу талап салгандан бери, жалтайлап калды канчык.

  Анан ошентип эле, жагымдуу жыт чыгарып жаткан эттен бир жебей (кол шилтеп деп коёлучу), кала берчү канчыкты кайдан көрдүң эле?! Ошол иттик өжөрлүгүнө салып, канчыктык амалкөйлүгүн иштетип, кандай гана болбосун, андай олжого жетүү максаты аны тынч жаткырбай калсын... Өчөшүп түнкү жел да, ушул жакка дайыма согуп, канчыкты тыпырчылатып жатты. Ошондон улам, сутканын кайсы гана бөлүгү болбосун, жыт чыккан сарайдын ичине киргенге мүмкүнчүлүк издөөсү бир мүнөт да аны таштаган жок. Бирок, ар кандай амалы да натыйжасыз чыгып, дөбөт аны сарайга жакын жолотор эмес. Ошентип дагы бир жолу башка жагынан келгенин байкап калган дөбөт бул сапар аны короодон жөн гана кууп чыкпастан, анын короосуна чейин артынан барып, дарбазасынан да кирип, баса калып талап саларында, анын бактысына кудай жалгап, канчыктын ээси сыртта экен, «ай-уй» деп айкырык салып, колуна кирген нерселерди ага карай ыргытып, иттин өзүн гана эмес, ээсин кошо боктоп тилдеп жатып тигини сактап калды. Болбосо, канчыктын тирүү калышы күмөн болчу.Ал коңшусу дөбөттүн ээлери менен оту күйүшпөгөн соң, анан  анын итин жактырып, канчыгын талаттырып коюп тим гана карап турмак беле.

  Мына ушул коңшунун жек көргөн кыйкырык богооз сөздөрүнө аралаш ташбараңынан кутулуп чыгып  келе жатканда, тиги жагымдуу жыт мунун да мурдуна «бур» дей түштү.  Баягы түшүндөгү жыт! Өзүнө арбаган, эсин эки кылып өзүнө чакырган жыт! Дайындаган коңшудан жарытылуу жугундуга жарыбай чала курсак болуп жүргөн бул, ал жыттын касиетин өзү кантип баяндап бере алмак эле. Иттигине салып эле тумшугун созо улуп гана түшүндүрбөсө... Ага ал жыттын тиги өз сарайынан чыгып жатканы ого бетер кызык болду. Бардык нерсе унут калды. Ачуусуна тийген канчык да, анын ээсинин кууганы да бир заматта эсинен чыкты. Бардык эси-дарты сарайдын ичиндеги эттин жытына бурулду. Көрсө, өзүнүн жаткан жери тоо тарапта болуп, бул жыт ылдый соккон жел менен тескери кетип, мурдуна илбей жүргөн турбайбы. Түз эле сарайдын эшигинин астынан сойлоп кирип, ичин шимшилей баштады. Акыры жыт чыккан жерди тапты. Бош топуракты буттары менен шилей ача баштады эле, бир аздан кийин эле ирети менен тактап коюлган эттин үстүңкүсү булт эте чыга түштү. Үзүнүп-жулунуп бир жилигин кайсап жиберди да, кайрадан тереңдете ача баштады. Эттин мол экенин көрдү. Пейили ток боло түштү. Дагы бир жилигинин сөөктөрүн качырата чайнап, майлуу этти ырахаттана сугунган соң, баарын тиги жерден казып алып топтоп алды. Анан өзү жатчу кайналы дарагынын түбүнө дароо келемиштердей чуңур жасап, этти оозуна бирден-экиден тиштеп ташып барып көөмп алды. Эми ал жерден башкалар талашып көрүшсүн!.. Бирок... бирок,   ай, ким билет? Ошол күрптүн жумшак эти кемпир-чалдын балдарынын да, келемиштердин да ооздоруна тийип тургансыган  жеринен буюрубай  бейнасип калышты го?!  Көрсө ниет башка, насип башка турбайбы! Насип буюруганга тиет тура.

   Ит баягы түшүнүн туш келгенин билдиби, же жокпу, бизге белгисиз бойдон калды...

 

21.02. 2014-жыл. 

Картина дня

наверх