На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

Сүйүүлөр тууралуу ыр

   1-класста окуган балдар классташ кыздарына кагаз жөнөтүшүп жатышат:«Келгиле, кечинде жолугушабыз!…» Кыздары сурашат дейт: «Жолушгушканда эмне кылабыз?» Балдар  кайра жазышыптыр: «Өбүшөбүз!..» Анда кыздары: «Э кокуй, ошол элеби?.. Аны балдар бакчасынын кыздарына сунуштагыла…»

Гезитке чыккан анекдоттон.

 

Издебе о илгерки сүйүүлөрдү,

Жоктобо, ашыгына күйүү-өлдү!

Турмуш жолун баштабай, ажырашкан

Күтө бергин, алууларды, тийүүлөрдү!..

 

Сезимдер жок денени дүркүрөткөн,

Күтүүлөр жок андагы түн терметкен.

Азыр болсо сүйүүлөр бактан эмес,

жолугушат компьютерде интернеттен.

 
Адеп сактап, карачы ийменишин,
андайларды, капырай, ким сүйбөсүн?..

Азыркы «кыз» алдыңдан өзү жөөлөйт,

ачып коюп, күпкүндүз  бүт дүйнөсүн…

 

Айбыкчубуз: «Уят, э!» - дешет көргөн-

Колдор колго тийишчү эсеп менен…

«Мажнун, Лайли» сүрдөнүп турбайт азыр

«махабатын» башташат төшөктөрдөн.

 

Издебе о илгерки сүйүүлөрдү,

Жоктобо, ашыгына күйүү-өлдү!

Турмуш жолун баштабай, ажырашкан

Күтө бергин, алууларды, тийүүлөрдү!..

Картина дня

наверх