На информационном ресурсе применяются рекомендательные технологии (информационные технологии предоставления информации на основе сбора, систематизации и анализа сведений, относящихся к предпочтениям пользователей сети "Интернет", находящихся на территории Российской Федерации)

СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ

-Сүйүү барбы?-деп сураса, ага сен:
-Жок!-деп жооп бер.

Анткени, ал улуу сезимди өз башынан өткөрбөгөн адам баары бир СҮЙҮҮнүн бардыгына ишенбейт.Кокусунан ага өзү кабылсын!

-Сүйүү жокпу?-деп сураса, ага сен:
-Бар!-деп жооп бер.

Анткени, ал байкуш СҮЙҮҮсүнө жетпей күйүп турган болушу мүмкүн.Үмүтү кайра жансын!

-Сүйүү качан келет?-дегенге,
-Келбейт!-дегин.

Анткени, СҮЙҮҮсүн өзү издеп жүрүп тапсын.

-Сүйүү эми келбейт!-дегенге,
-Келет!-дегин.

Анткени, СҮЙҮҮдөн өрттөнгөн көңүлүн бассын!..

 

Картина дня

наверх