«Наалыкчыл болот, - дешет – карыганда».
Недендир себеби жок таарынганда,
Наржөн бир сөздөрдү айтып, наалып калсам,
Нааразы болуп турган баарыңарга,
Анымды кечиргиле, алтындарым!
«Алсырап калат, - дешет – карыганда».
Алкынып жүргөн сымал алым барда,
Баса албай калып кээде тушоо аттай,
Бараткан түз жолумда чалынганда,
Шылдыңдап күлбөгүлө, алтындарым!
«Көздөн да калат, - дешет - карыганда».
Көз тигип калсам эгер тааныганга,
«Көксө чал көксөп атат меникин», - деп,
Күмөндүү карап дагы жарыңарга,
Шектенип жүрбөгүлө, алтындарым!
«Тиш түшүп калат, - дешет - карыганда».
Туш келип араңарга шарыңарда,
ырымды окуп калып, кээ сөздөрдү,
туура эмес айтып алсам, баарыңар да:
«Тантыбай, токтот!..» - дебе, алтындарым!
«Кулактар оор тартат карыганда…»
Сөз сурап калсам эгер жаныңарда,
«Бир сөздү миң айттырат… койчу сен…» - деп,
Катуу сөз айтып дагы чалыңарга,
Кагып-силкип жүрбөгүлө, алтындарым!
Кантсе да мезгил шумдук… өтөт... кетет...
Карылык силерди да кууп жетет.
Ошондо жаш муунга мен сыяктуу,
Ой айтып турушсун деп эптеп-септеп,
Жараткан өмүр берсин, алтындарым!